www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаев – райондук милиция бөлүмүнүн чечимин мыйзамдуу деп таап, аны бекитти. Ал чечим боюнча Орусиянын элчилиги алдында, «Ала-Тоо» аянтында жана Жогорку кеңеш менен өкмөт имараттары алдында 11-апрелге чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынат. Укук коргоочулардын айтымында, милицияга андай сураныч менен орус элчилиги кайрылган.

Мындан 3 апта мурда Орусия Украинага каршы согуш баштагандан кийин Бишкетеги анын элчилиги алдында бир нече каршылык митинги уюштурулган жана бир гана чакан митинг Москванын пайдасына болгон. Укук коргоочулардын маалыматы туура болсо, кыргыз милициясы менен соттору өз чечимдерин – чет мамлекеттин таасири алдында кабыл алат.

Андан тышкары, соттун чечиминде – жарандар менен бейөкмөт уюмдардын митингдерине тыюу салынат деп айтылат, бул чектөөнүн мамлекеттик жана шаардык уюмдардын акцияларына тиешеси жок. Андай болгондо, бул чечим ошол чет мамлекеттин жалпы саясатына төп келет – бийлик кана айткан жана жасаган нерсе туура, калгандын баары – фейк.

Последние новости