www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Бишкектин конушун белгисиз курт-кумурскалар каптады

Интернетте Бишкектин четиндеги Орок жаңы конушун белгисиз курт-кумурскалар каптаган видео тарады.

Мэрия видеонун автору менен байланышкан. Анда "Бишкекзеленхоз" ишканасы энтомологдорго таянып курт-кумурскалардын зыяны жок экенин билдирген.

"Кыш жылуу болгондуктан бул курттар ойгонуп жер алдынан чыккан. Негизи алар жазга чейин жер алдында жатмак. Алар чөп жейт, шаарда да кездешет. Энтомологдор аба ырайы муздаганда бул курттар өлөрүн айтышкан", — деп жазылат мэриянын маалыматында.

Аталган курт-кумурсканын кайдан чыкканын аныктоо үчүн адистер жерине барары кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости