www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин түндүк-батышында курулуп жаткан шаардын жаңы канализация коллектору кандай боло тургандыгы тууралуу шаардык Мэрия маалымат берди.
Жаңы канализациянын узундугу Пригородное айылындагы тазалоочу курулмаларынан Ахунбаев көчөсүнө чейин 11 чакырымдан ашат. Азыркы учурда куруучулар (100 атайын техника, 150 инженер жана жумушчулар тартылган) траншеялардагы бекем бетон фундаментке жүздөгөн темир-бетон түтүктөрүн коюп, ар бир бурулушта айланма кудуктарды орнотуп жатышат.
Курулуштун эң татаал тилкелери – темир жолдор жана Чоң Чүй канал астынан өтүү.
Жаңы канализация коллектору акыркы он жылдыктардагы Бишкектин эң татаал гидротехникалык курулушу болот. Анын өткөрүү жөндөмдүүлүгү - күнүнө үч жүз сексен миң кубометр (кубаттуулугу – 380 000 куб.м) агынды суулар.
Салыштырмалуу, бул Аламедин же Ала-Арча сыяктуу дарыянын күлөмү десек болот.