www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - «Биз Путин мененбиз!» Ак үйдү айланган атчан киши

«Мы с Путиным!» («Биз Путин мененбиз!») деп жазып, Путиндин сүрөтү тартылган плакатты артына илип алган атчан киши Ак үйдүн жанында жүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путинди колдоп чыккан жарандын видеосу бүгүн, 14-мартта, социалдык тармакта тарады.

Эске салсак, Украинадагы операцияны Орусия 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» экендигин айткан. Бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жайкын жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.

Орусиянын Куралдуу күчтөрү аскерий соккуну Украинанын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга эч сокку багытталбагандыгын Коргоо министрлиги билдирип келет.

Бул ортодо Украинадагы кырдаалга байланыштуу Батыш өлкөлөрү жана аларга жакын улуттар аралык компаниялар Орусияга каршы бир топ чектөө киргизди. Атургай айрым өлкөлөр Орусиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жаап, учурда каттамдар токтотулган. Ошондой эле, Орусиянын аймагында иш алып барган дүйнөлүк ири бренддер ишин токтотуп койгон учур.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости