www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда блогер айым жолдошунун туулган күнүнө экинчи аял белек кылып, коомчулуктун нааразычылыгына кабылды. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Социалдык тармактарда тездик менен тарап, талкуу жараткан видеодо аялы күйөөсүнүн туулган күнүндө майрамдык залды ижарага алып, чоң каробкага белек камдаган. Аталган жайга жолдошу менен барып каробканы ачканда ичинен үлпөт көйнөк кийген кыз чыккан. 

Жогорудагы видео соцтармактарга тарап, полицияга чейин жетип, тартип сакчылары видеонун авторун профилактикалык сүйлөшүүгө чакырышкан. Блогерге Өзбекстанда көп аял алууга тыюу салынганы — ал үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганы эскертилди. Мыйзам бузгандыгы үчүн айып пул, түзөтүү жумуштары же 3 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган.

Бул окуядан кийин кыз эл алдында кечирим сурап, түшүндүрмө берген. Анда блогер экинчи аялы менен жашабай турганын, ал эми видео тамаша экенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости