www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернетте тарап жаткан видеодон Сыдыковдун тура албай жатканын көрүүгө болот. Анын буту сынганы белгилүү болду.

Алматыдагы ооруканалардын биринен изделип жаткан кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков табылды. Маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тастыктады.

Буга чейин социалдык тармакта 46 жаштагы Чолпонбек Сыдыковдун кармалгандыгы тууралуу билдирме тараган. Досу Айгүл Сартбаева анын Алматыда эмерек чогултуп иштээрин айткан. 8-январда Сыдыковдун каттоо мөөнөтү аяктап, Бишкекке келмек. Бирок аны шаардан чыккан учурда кармап кетишкен. Сартбаева досунун Казакстандагы башаламандыкка катышпаганын айтып, күбөлөр бар экенине ишендирген. ТИМ бул маалыматты текшергени айтылды.

Интернетте тараган видеодон Сыдыковдун тура албай жатканын көрүүгө болот. Кыргыз жараны аны жана башка кармалгандарды таяк менен сабаганын айткан. Анын буту сынганы маалым болду. Кыргызстандын ТИМи бул учур боюнча расмий маалымат даярдалып жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости