www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облустук жана Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган адамдар тарабынан буйрутма киши өлтүрүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу ИИМден билдирди.
Милицияга 25-апрель күнү Арашан айылындагы көрүстөндө зомбулук менен өлтүрүлгөн кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам тергөө тобу жерине барып, өлгөн адам мурда бир нече жолу соттолгон 1993-жылкы К.Д. экенин аныктаган.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен бирдиктүү реестрине катталган. Көп өтпөй облустук жана райондук милиция ИИМдин Атайын операция отрядынын кызматкерлеринин жардамы менен бир нече адамды шектүү катары кармады. Алардын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган адамдар да бар экени айтылат.
"Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмыш жабырлануучу адам менен чогуу жашаган аялдын буйругунун негизинде жасалган. Экөөнүн ортосундагы чырдан улам аял баласына жардам сурап кайрылган. Бул окуяда жабыр тарткан адам бир нече жолу соттолуп, жанына дайыма бычак алып жүргөндүгүнө байланыштуу буйрутма бергендер уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кайрылышкан", — деп айтылат билдирүүдө.
Министрликтен кошумчалагандай, кылмышка шектүүлөр 24-апрелде саат 23:30дар чамасында киши колдуу болгон адамды унаага салып, Арашан айылындагы көрүстөнгө алып барышкан. Ошол эле учурда милиция кызматкерлери аял жабырлануучу абакта отурганда телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүп, эркиндикке чыккандан кийин чогуу жашай баштаганын аныкташкан.
Милиция төрт адамды кармады:
А.Г., 1971-жылы туулган, адам уурдоо жана киши өлтүрүүнү уюштурган деп шектелүүдө;
К.М., 2001-жылы туулган, өлтүрүлгөн адамды уурдоого катышкан кылмышка шектүүнүн уулу;
А.А., айдоочу, кылмышка шектүүнүн баласынын досу;
У.М., 1975-жылы туулган, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда бир нече жолу соттолгон, адам уурдоо жана адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелүүдө (видеого караганда, Карышкыр каймана аты менен таанымал Мурсалим Умырзаков).
Учурда бул төрт киши кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.
Булак: NazarNews.kg