www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Өзбекконцерт” мамлекеттик ишканасы Жахонгир Атаджановго жана бир катар ырчыларга өлкө аймагында ырдоого укук берүүчү лицензиясын кайтарып берди. Лицензиясы кайтарылган артисттердин катарында Атаджановдон башка да Шахло Ахмедова, Абдулла Курбанов жана Халима Ибрагимова бар.

Эске салсак, мындан бир нече күн мурун концерт берүүгө жана телеге чыгууга уруксат берчү "Өзбекконцерт" мамлекеттик мекемеси өзбектердин белгилүү ырчысы Жахонгир Атаджановду мындай укуктан ажыраткан. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты жарыялаган.

Жергиликтүү басылмалардын тараткан маалыматтарына ылайык, буга ырчынын тармактарга тарап кеткен анын кайсы бир жерде сахнага ырдап жатканда күйөрмандары аны ар тараптан акча менен “көмүп” жаткан көрүнүш себеп болгон.

"Жахонгир Атаджанов Орозо айында мораль эмне экенин унутуп, улуттук салтка, этикага туура келбеген кадамдарга барган", - деп түшүндүрөт "Өзбекконцерт" мекемеси. Ал эми ырчы өзү соцтармактар аркылуу "Өзбекконцерт" ошондой эле цивилдүү болуп кетсе, анда анын алып койгон лицензиясынан ырахат ала берүүсүн жана “улут цивилдүү болуп жатканда” кубанычта экенин айтып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости