www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткендин Таш-Тумшук айылынын айрым тургундары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Анда алар чек арадагы кооптуу аймакта коркуп, кооптонуп жашап жаткандарын билдиришти.
Активист Актилек Гүлжигит кызы 26-майда Facebook баракчасына жарыялаган тасмада айылдыктардын көбү үй-жайын таштап кеткенин айтышкан.
«Урматтуу президент. Биз кооптуу аймакта жашайбыз. Учурда үй-жайыбызды таптап ар кайсы жерде аргасыз жүрөбүз. Ошондуктан биздин коопсуздугубуз үчүн Таш-Тумшук айылынан көчүрүп кетүүңүздү сурайбыз», - деди кайрылуу жолдогон айылдыктардын бири.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалдын айынан айылда коопсуздук маселеси көтөрүлүп, мектептеги окуу процесси толук токтогон.
Исфара-Аксай-Ворух жолунун боюнда жайгашкан Таш-Тумшук айылы Баткен районуна карайт. Расмий маалыматка ылайык, айылда 500дөн ашык киши жашайт.
Таш-Тумшукта такталбаган тилкелерге байланыштуу буга чейин да бир канча жолу чыр-чатак болгон.
Булак: NazarNews.kg