www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй районунун Искра айылындагы таштанды таштоочу жайдан өрт чыкты. Тилсиз жоо тууралуу билдирүү 9-июнь күнү кечинде түшкөн.

Өрттү өчүрүү үчүн саат 19:38де окуя болгон жерге Чүй районунун № 24 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир топ жөнөтүлгөн. Кийинчерээк, саат 23:35те өрттү чектөөгө кошумча катары Токмок шаарынын № 21 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн дагы бир топ тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, окуя болгон жерде эки өрт өчүрүү бөлүмү иш алып барган. Ошондой эле Токмок мэриясынын эки суу ташуучу унаасы , бир бульдозер жана 20га чукул жергиликтүү тургун көмөктөшкөн.

Учурда өрттүн аянты жана анын келип чыгуу себептери такталууда. ӨКМ кошумча маалыматтарды кийинчерээк берүүнү убада кылды.

Последние новости