www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Канал-Перехват" операциясынын алкагында Чүй облусундагы түзөтүү мекемелеринин биринде баңгизаттарды ыргыткан жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Москва районунун ИИБинин жана Чүй облусунун Москва районундагы Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 42 жаштагы Р.А. аттуу жаран баңгизаттарды режимдик аймакка өткөрүп берүү аракеттенген учурда кармалган.
Жеке текшерүү учурунда шектүү жарандан скотч менен оролгон беш брикет табылган, алардын ичинде кара куурайдын өзгөчө жыты бар кочкул жашыл зат болгон.
Алынган заттын салмагы 3 килограмм 40 грамм “гашиш” баңгизаты, ошондой эле өсүмдүк тектүү жашыл түстөгү 844 грамм марихуана камтылган эки пластик бир литрлик бөтөлкө болуп, жалпы салмагы 3 килограмм 884 грамм түзгөн.
Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаран Москва районунун ИИБинин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Булак: NazarNews.kg