www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда мыйзамдар бири-бирине эле карама-каршы келип, татаалдашып кеткен. Мындай пикирди Кыргыз аял-судьялар ассоциациясынын өкүлү Чынара Айдарбекова бүгүн, 17-августта тегерек столдо билдирди.
--“Азыр мамлекеттик кызматтарга тиешелүү карама-каршы келген мыйзамдардын баарын иргеп жатабыз. Азырынча толук кандуу аягына чыга элекбиз. Карап келсек, мыйзамдар бири-бирине эле карама-каршы келип, адамдардын укугун коргоодо аябай тоскоолдук жаратып, иштерди татаалдатып жиберет.
Ошондуктан ар бир мыйзам так болушу үчүн биз баарын талдап жатабыз. Юстиция министрлиги бул тармакта катуу иш алып барып жатат. Биз көз карандысыз эксперттер менен биргеликте иштерди улантып жатабыз” , - дейт ал.
Булак: NazarNews.kg