www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Чыңгыз Абдраевдин өлүмүнө байланыштуу камакка алынган кайгуулчулардын баш коргоо чарасын өзгөрттү.
Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, борбор калаанын кайгуул кызматкерлери А.Н.Д., Б.у.Э. жана Б.А.П. эч жакка кетпөө тил каты менен абактан бошотулду. Мындай токтом 15-сентябрда эле чыккан.
Милиция кызматкерлери август айынын соңунда кармалып, УКМКнын абагына киргизилген болчу.
Маркум Чыңгыз Абдраев 27-август күнү кечинде Жибек-Жолу менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мечиттин алдында каза тапкан. Ага Кайгуул кызматынын кенже инспектору Д.Ж. кызматтык тапанчасынан ок чыгарган.
Бул окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланган.
Булак: NazarNews.kg