www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгерде Кабулда жаңы бийлик абалды жөнгө сала албай, ал эми эл аралык коомчулук афган элине колдоо көрсөтпөсө кырдаал абдан кыйындап, өлкө бүлгүнгө учурайт. Мындай пикирин Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусунда айтканын РИА Новости билдирди.
"Эгерде Кабулдун жаңы бийлиги абалды жөнгө сала албай, ал эми эл аралык коомчулук ооган элине колдоо көрсөтпөсө кырдаал кыйындап, алар бүлгүнгө учурайт. Жарандык согуш отунун тутанышынан эл жакырланып, ачарчылыкка кептелгенге чейин барат", — деп Патрушевдин айтканын РФтин Коопсуздук кеңешинин маалымат кызматы кабарлаган.
Патрушев мунун аймак, КМШ өлкөлөрү, жалпы дүйнө коомчулугу үчүн кесепети кандай болорун божомолдоо кыйынчылыкка турарын, бирок ал терс көрүнүшкө алып келери турган нерсе экенин айткан.
Ооган тематикасы быйыл талибдердин ("Талибан"*) бийликке келиши менен өтө актуалдуу боло баштады. Патрушев бул АКШ жана анын союздаштарынын 20 жыл боюнча жүргүзгөн жоопкерчиликсиз саясатынын жыйынтыгы болгонун белгиледи. Анын айтымында, бүгүн Ооганстанда аскердик-саясий жактан да, социалдык-экономикалык жактан да өтө кыйын абал түзүлүүдө.
Ал бүгүнкү күндө афган багытында мурда болуп көрбөгөндөй, ийиндеше биригип жөнгө салынган конструктивдүү иш алып баруу зарылдыгын айткан.
"Ооганстандын кайрадан геосаясий авантюрист сырткы оюнчулардын ойлонулбаган кадамы ташталган полигон болуп калышына жол бербеш керек, бул өтө маанилүү. Мында АКШ жана анын союздаштарынын абал начарлап бара жатат деген шылтоо менен бул өлкөдөн, анын ичинде КМШ мейкиндигинен орун-очок алып калуу аракетин айтып жатам", — деген Патрушев.
Ал мындай демилгени жогорку деңгээлде кабыл алынган чечимдер менен кескин түрдө четке кагуу керектигин белгиледи.
* Кыймылга террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУ тарабынан санкция салынган.
Булак: NazarNews.kg