www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин токтому менен Бишкек шаарындагы абанын булганышы көйгөйүн иликтөө, жарандардын ден соолугун сактоо жана аларды чечүү чараларын иштеп чыгуу боюнча токтоосуз чараларды ыкчам кабыл алуу үчүн ведомстволор аралык өзгөчө комиссия түзүлдү.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган чечим жарандардын ден соолугун коргоо жана Бишкек шаарынын абасынын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу, абанын булганышынын себептерин жана булактарын аныктоо максатында кабыл алынды.
Ведомстволор аралык өзгөчө комиссиянын жетекчиси катары Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бекитилди.
2021-жылдын 15-ноябрында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин жыйынынын жүрүшүндө борбордогу ыш жөнүндө маселе көтөрүп, муниципалитет менен биргеликте экологиялык маселелерди чечүү ишин күчтөндүрүүнү тапшырган.
Ведомстволор аралык өзгөчө комиссиянын курамына мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү кирген. Өзгөчө комиссияга жарандардын ден соолугун коргоого тийгизген кесепеттерин кыскартуу боюнча ыкчам жана өз мөөнөтүндө чараларды кабыл алуу, ошондой эле Бишкек шаарынын абасын булгоочу булактарды аныктоо менен булгануу көйгөйлөрүн изилдөө жана баалоо тапшырылды.
Министрлер кабинети жарандардын, өзгөчө балдардын, кары-картаңдардын жана өнөкөт оорулары бар адамдардын ден соолугун мындай булгануунун кесепеттеринен коргоо боюнча максималдуу чараларды көрө тургандыгы белгиледи.
«Министрлер кабинети кыска мөөнөттө бул көйгөйдү чечүү жана мурдагы өкмөттөрдүн натыйжасыз иш-аракетинин кесепеттерин четтетүү татаал экендигин түшүнөт. Президент Садыр Жапаров тарабынан бул маселени жакынкы 3-4 жылдын ичинде чечүү тапшырмасы берилген. Бул өзгөчө комиссияга бүгүнкү күндө абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү үчүн зарыл болгон башка чараларды көрүү үчүн атайын ыйгарым укуктар берилгендиги маанилүү», - деп билдирди Акылбек Жапаров.
Булак: NazarNews.kg