www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Лондондогу эл аралык арбитраждык сотто 73,8 млн доллардык "Скай Мобайл" уюлдук оператору боюнча арбитраждык ишти жапты. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Окуянын хронологиясы: 2018-жылдын ноябрында «Menacrest AG» жана «VIP Kyrgyzstan Holding AG» компаниясы биздин өлкөдөн «Скай Мобайл» иши боюнча 73,8 млн доллар компенсация талап кылып арбитраждык териштирүү ишин (иштин номери – «PCA case, #2019-29» ) баштаган.

2021-жылдын февралында талаштын чоо-жайы боюнча жана доогерлердин кыргыз тарапка дооматынын негиздүүлүгү боюнча угуулар болуп өткөн.

2020-жылдын ичинде тараптар арбитраждын курамына өз позициясы боюнча жазуу жүзүндөгү аргументтерди беришкен.

Ал эми 2021-жылдын 12-ноябрында арбитраждык трибунал арбитраждык процессти толук токтотуу жана бул инвестициялык ишти жабуу тууралуу процесстик буйрукту чыгарган, анткени тараптардын ортосундагы талаш-тартыш кырдаал жөнгө салынган жана Кыргызстанга карата 73,8 млн доллар талап толугу менен кайтарылган.

Белгилей кетсек, жөнгө салуу шарттарынын бири – 2018-жылдын ноябрынан тартып бардык арбитраждык чыгымдарынын 96,2% доогерлер ("Menacrest AG" компаниясы жана "VIP Kyrgyzstan Holding AG" компаниясы) тарабы, ал эми кыргыз тарабы 3,2% гана жапмакчы болду.

Арбитраждык трибунал төмөнкү арбитрларды камтыган:

- Мистер Джон Бикей (Mr.John Beechey CBE, Presiding Arbitror);

- Профессор Джулиан Лью (Prof. Julian D.M. Lew QC);

- Доктор Гэвин Гриффит (Dr. Gavan Griffith QC).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости