www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын Кыргызстанга көрсөткөн агрессиясына байланыштуу англис тилинде видео кайрылуу жасады. Англис тилиндеги билдирүү интернеттеги бардык социалдык тармактарга жарыяланды.
Анда экс-министр репарация жолу менен Тажикстандын агрессиясын эл аралык коомчулук тарабынан сынга алуу, аброюн төмөндөтүү, санкцияларды киргизүү, күнөөсүн мойнуна алуусу, агрессиянын айынан болгон чыгымды калыбына келтирүү, жабыркаган тарапка материалдык жана моралдык компенсацияны төлөтүү керектигин айткан.
"Апрелдин аягында Тажикстан тараптан Кыргыз өлкөсүнө жасалган агрессияга байланыштуу бардык видео, фото материалдарды чогултуу зарыл. Бул материалдар Кыргыз өлкөсүндөгү эл аралык деңгээлде аскердик агрессия актысы үчүн Тажикстанды жоопко тартып, чакырууга жардам берет. Тажикстандын аскердик агрессиялык аракетин эл аралык ыкмалар менен жоопко тартып, компенсациялык айып төлөтүш керек", - деп билдирген Айдарбеков.
Ошондой эле ал Тажикстандын XXI кылымда аскер техникасын бир тараптуу колдонуп, орто кылымдык методдор менен маселени чечүү аракети цивилизациялуу эмес экендигин билдирген. Мындан улам ал акылдын күчү жана коомдун биримдиги орой мамилеге караганда алда канча күчтүү экендигин кошумчалаган.
"Белгилеп кетиш керек, бул жалпы тажик элинин агрессиясы эмес, бул Тажикстандын айрым чиновниктеринин чыккынчылыгы, кыянаттыгы - алар жоопко тартылышы керек", - дейт англис тилиндеги билдирүүсүндө Айдарбеков.
Чыңгыз Айдарбековдун кайрылуусу англис тилинде болгондуктан чет өлкөлүк жарандарга жана эл аралык коомчулукка түшүнүктүү, жеткиликтүү болмокчу.
Булак: NazarNews.kg