www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Махачкалада май куюучу жайдагы жарылуудан каза болгондордун саны 35ке жетти. Бул тууралуу РИА Новостиге өзгөчө кырдаалдар кызматынын өкүлү билдирген.

"Урандылар болгон жерде иш алып баруу учурунда дагы эки адамдын сөөгү табылды", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги өзгөчө кырдаалдын кесепетинен 33 адам, анын ичинде үч бала жабыркаганын билдирген.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Махачкаланын ооруканаларында 63 адам жатат, алардын 16сы балдар. Он бир жабырлануучунун, анын ичинде эки баланын абалы оор. Дагы 17 адамга амбулатордук медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Эске салсак, 15-августка караган түнү Махачкаладагы трассадагы автосервис өрттөнүп, өрт май куюучу жайга өтүп, андан соң жарылуу болгон.

Жарадарларга медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу үчүн Дагестанга Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин башчысынын биринчи орун басары келген.

Жардыруудан жабыркагандар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын учагы менен Москванын ооруканаларына жеткирилет. Тергөө комитети коопсуздук талаптарын бузгандыктан кылмыш ишин козгогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости