www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран бийлиги Шираз шаарындагы Шах Черах мечитиндеги терактка тиешеси бар деген шек менен сегиз кишини камакка алды. Кармалгандардын баары чет элдик жарандар экенин кабарланды. Бул тууралуу “Озоди” радиосу билдирди.
Ирандын Фарс провинциясынын башкы прокурору Казем Мусави 13-августта мечитте ок аткан адам "дароо кармалып, суракка алынганын" билдирди. Сурак учурунда ал өзүн Тажикстандын жаранымын деп тааныштырган.
Шах Черах мечитинде жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти эч бир топ дароо өзүнө ала элек.
"Ислам мамлекети" (ИМ) тобу өткөн жылдын октябрь айында ушул эле мечитке жасалган жана 15 адамдын өмүрүн алган кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган.
Булак: NazarNews.kg