www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Социалдык абалы оор адамдар абдан көп”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экс-министр, саясатчы Дамира Ниязалиева.

--“Агенттиктин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрилиги болуп түзүлүшүнө убагында мен көп салымымды кошком. Анткени бул тармак эң көйгөйлүү болгондуктан, анын статусун көтөрүү керек болчу. Министр болгон аты болсо элдин көйгөйү чечилет деген жакшы ниет менен ушундай кадамга барганбыз. Андан бери бир канча жыл өттү, бирок, тилекке каршы, баягы эле 2009-жылдагы туура эмес жасалган реформа кайра былтыр кабыл алынган. Ал критерийлер - жакырчылыкта жашаган үй-бүлөнү аныктоо критерийлери жөнүндө болуп жатат. Ошондуктан да элдин толкундоолору башталган. Ошол себептен да тоолуу аймакта жашаган калк жеңилдиктерди ала албай калган. Эми азыр мурунку каталарды кайталабаш үчүн бул тармакты чыны менен түшүнгөн киши керек болуп жатат. Азыр элдин социалдык абалы оор болууда. Кыргызстанда жакыр жашаган жарандар абдан көп”, - дейт саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости