www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Копенгагендеги Ирактын элчилигинин алдында ашынган улутчул “Даниялык патриоттор” тобунун өкүлдөрү митинг өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө алар Куранды өрттөштү, деп билдирди Anadolu агенттиги.

Демонстранттар муну Швециянын Багдаддагы элчилигине жасалган кол салууга каршылык иретинде уюштурушканын айтышууда. Митинг полициянын катуу коргоосунда өтүп, ага беш кишиден ашпаган адам катышты.

Копенгаген полициясынын айтымында, китеп өрттөлгөн окуя Ирак элчилигинин алдында болгон. «Эч кандай кылмыш иши болбогондуктан тергөө иштери жүргүзүлбөйт. Бир адам, балким, бул адамга таандык китепти өрттөп жиберген жана бул мыйзамсыз эмес. Кошумчалай кетсек, бул расмий катталган демонстрация болду», - деди укук коргоо органынын өкүлү.

Буга чейин Ирак Швециядагы ушундай эле окуяга реакция кылып, Стокгольмдо Куранга шек келтирилгендиктен шашылыш жыйын өткөрүүнү суранып, Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) кайрылган.

28-июнда Швеция полициясы мусулмандардын Курман айт майрамынын биринчи күнүндө Стокгольмдун башкы мечитинде Куран өрттөлгөн нааразылык акциясына уруксат берген. Рим папасы Франциск Стокгольмдо Курандын өрттөлүшүнө байланыштуу окуяга нааразы болгонун билдирген.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости