www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Конституцияны колдойсуңар болбосо башкача сүйлөшөбүз дешкен”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.
--“Кыргызстанда күз айларында бир топ саясий өзгөрүүлөр болду. Мыйзамсыз шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тарап президенттин алмашуусуна чейин алып барышты. Андан соң жаңы Конституция кабыл алыныш керек деген демилге болду. Ал боюнча Конституциялык кеңешме түзүлүп, талкуудан соң, толук даярдалып бүттү. Учурда парламент карай турган эле иш калды.
Коомчулукта Жогорку Кенештин депутаттары азыркы Конституцияны колдоо боюнча бири-бири менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн деген пикирлер айтылууда. Ал туура эмес. Депутаттарга президенттик аппараттан тапшырма берилген. Колдойсуңар болбосо башкача сүйлөшөбүз дешкен. Жаңы Баш мыйзамдын долбоору парламентке келген, эми эл өкүлдөрү айласы жок колдоп өткөрүп беришет”, - дейт Дастан Бекешев.
Булак: NazarNews.kg