www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ливия эли демократия - эң коркунучтуу система экенин билишкен жок. Бул тууралуу Ливияны 40 жылдан ашуун башкарган Муамар Каддафинин акыркы сөздөрүндө айтылат.

"Мен 40 жылдан ашуун убакыт элдер үчүн баарын жасап келдим. Алар үчүн үй, мектеп, оорукана курдум. Алар ачка учурда курсактарын тойгуздум. Какыраган чөлдү түшүмдүү жерге айланттым. Рональд Рейган (ред. АКШнын президенти) менин бакма кызымды өлүргөн убакта бомба астында турдум. Ал мени өлтүргүсү келген, бирок ал күнөөсүз наристени өлтүргөн. Ошондо мен союз үчүн африкалык жарандарга акчалай жардам көрсөтө баштадым. Мен элдик комитеттерди бүт өлкөгө жайылтып, реалдуу демократиянын концепциясын түшүндүрүү үчүн бардык аракетимди жумшадым. Бирок мунун баары жетишсиз болду. Айрым адамдар, жада калса ондон ашык үйү, эмеректери, кийим-кечеси барлар канааттанбай андан да көптү каалашчу. Алар америкалыктарга жана башка чет элдиктерге бизге демократия, эркиндик керек деп айтышчу. Бул эң коркунучтуу система экенин билишкен жок, анткени алар америкалыктардын сөзүнө ишенип алышкан. Алар Америкада бекер дары, оорукана, турак-жай, билим, тамак-аш жок экенин түшүнүшкөн жок. 

Мен эмне кылбасам да эл ыраазы болгон жок.

Ливия менин элиме таандык экенин далилдегим келди. Мен элимди колониялдык көз карандылыктан, бизди тоноп кетчү уурулардан сактап калгым келген. Эми мени өлтүргүсү келишет. Менин өлкөмдүн эркиндигин, биздин бекер билим алуу, дарылануу жана турак жайыбызды тартып алгылары келет. Аны капитализм аталышындагы америкалык стилдеги уурулукка алмаштырууну каалашат. Бирок биз, үчүнчү дүйнө ал эмне экенин жакшы билебиз. Биз корпороциялар мамлекеттерди, дүйнөнү башкараарын жана андан жөнөкөй эл жабыр тартаарын билебиз. 

Бул менин акыркы сөздөрүм НАТОнун соккуларына, зулумдуктун, саткынчылыктын соккуларына, Батыштын колониялдык дооматтарына туруштук берип турганыма күбө катары калсын. Мен африкалык чыныгы араб жана мусулман бир туугандарым менен чогуу туруштук берип турдум. 

Батышта мени акылынан адашкан деп ойлошот. Алар бардык чындыкты билип туруп калп айтууну токтотушпайт. Алар мен элим үчүн, өлкөм үчүн акыркы демим калганча күрөшөөрүмдү билишет", - деген Каддафи.

Муамар Каддафи саясий жана аскердик ишмер, Улуу Социалисттик Элдик Ливия Араб Джамахириясынын мурдагы иш жүзүндөгү мамлекет башчысы. 

2011-жылдын февраль айынын ортосунда Ливияда өлкөнү 40 жылдан ашык башкарган Муаммар Каддафинин кызматтан кетишин талап кылган массалык демонстрациялар башталып, кийинчерээк ал өкмөттүк күчтөр менен оппозициянын куралдуу кагылышына айланган.

Согуштук аракеттердин жүрүшүндө Каддафи режиминин каршылаштары Ливиянын дээрлик бүт аймагына көзөмөл орнотууга жетишкен. Август айында оппозициялык күчтөр НАТОнун учактарынын колдоосу менен Ливиянын борбору Триполиди басып алышкан.

Муаммар Каддафи 2011-жылы 20-октябрда Сирте шаарына жакын жерде өлтүрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости