www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Бишкекте күжүрмөн ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалганы кабарланган. Билдирүүгө ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери өзүндө ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүрөт деген маалымат алышкан.

Маалыматты тыкыр иштеп чыгуунун натыйжасында мурда соттолгон Бишкек шаарынын жашоочусунун изине түшүшкөн.

«1-мартта ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Биринчи май РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери мурда каракчылык үчүн соттолгон Бишкек шаарынын жашоочусу 1991-жылы туулган М.И. кармашкан. Шектүүнүн жашаган жерине кечиктирилгис тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда 7,62 калибрдеги ТТ үлгүсүндөгү тапанча эки магазини жана 44 огу табылган», - деп кабарлаган ИИМ.

Ал эми бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Фейсбуктагы баракчасы аракылуу маалымат таратып, үйдүн көзөмөл камерасына тартылган видео менен бөлүштү.

Анын айтымында шектүүнүн үйүнөн табылды деген куралды милиция кызматкерлери өздөрү ала келишкен. Бекешев видеону ага шектүүнүн жакындары жибергенин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости