www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Депутат ырчыны

Редакциябызга Жаныбек Аттокуров атту жарандан аудио кайрылуу келип түштү. Анда Жаныбек Аттокуровго "Араван Цемент" заводунун директору жана Ош шаардык кеңешинин депутаты Данияр Атабаев тарабынан коркутуулар болуп жатаканы айтылат. 

Ошондой эле буга чейин Аттокуров Араван районундагы бир топ көйгөйлөрдү ыр аркылуу элге жеткирип келгенин белилеп кетти. 

"Урматтуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын жетекчиси Камчыбек Ташиев жана Курманкул Зулушев, мен сиздерге кайрылат элем, ушул аталган цемент заводун тыкыр текшерүүгө алыңыздар. Азамат Арапаевге таандык болгон Араван цемент заводу экологияга зыян келтирип, чоң трассаларда жүк ташуучу унаалар менен цемент ташып, жолдорду бузуп жатканын ырдап чыкканым үчүн чындыкка беттери чыдабай Данияр Атабаев менин өмүрүмө коркунуч жаратууда. Ал өз сөзүндө "Өлтүрүп кетем", "Үйүңдү өрттөп кетем" деп коркутуп жатат"-, деп айтылат кайрылууда.

Бул окуя боюнча маалымат дагы толукталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости