www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Амалкөй Бакыт Төрөбаев менен андан ашкан амалкөй Иса Өмүркулов бүгүн парламентте акыйнек айтышты. Экөө тең суудан кургак чыккан маштар.
Алгач Бакыт Төрөбаев эмнеге эле өкмөттүн, анын ичинде эсеп палатасы, улуттук банкттын отчетторун угууну түштөн кийинкиге жылдырып коёбуз деп нааразы болду. Анын баамында депутаттар эртең менен күчкө толуп турган маалда “терилерин шыпырыш” керек экен андай өкмөт мүчөлөрүн. Түштөн кийин шалпая түшүшөт имиш эл өкүлдөрү Төрөбаевдин логикасы боюнча. Анан кантсин, Кара-Кечедеги көмүр шахтасында иштеп жатышпайбы, байкуштар.
Муну менен токтойбу десек жок, Төрөбаев андан ары сөзүн улап, парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн жетекчиси Иса Өмүркуловго кайрылып, өкмөттү алар түзгөндүгүн эске салуу менен бирге, чет жерде чыгып жаткан жасалма паспорт, Лейлектеги көмүр шахтасында каза болгон жарандар, бюджеттин толбой жаткандыгы, көмүрдүн кымбатташы, электроэнергияга болгон баанын жогорулай тургандыгына ким жооп берет дегендей кайрылды эле, башында айткандай Төрөбаевден ашкан амалкөй Өмүркулов Өкмөттө кайсыл тармагында кандай кемчиликтер болсо, ал кемчиликтерге жооп бере турган орган бар экендигин айтып, оппозиция мыйзамда чектелген укугунан пайдаланып, өз сунуштарын берсе болот деп чектелди.
Мына сага. Шайлоо жакындайт деген ушул. Эл өкүлдөрү элдин оозуна алынгысы келсе бири-бири менен мышык-чычкан ойной баштайт. Болбосо мурдагыдай күчкө салып оозго тыкмай болбой калгандыгын жакшы түшүнөт бул оңбогурлар...
Булак: NazarNews.kg