www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар Акылбек Кемелов менен Нурбек Мурашев аз жерден мушташып кете жаздады. Алар бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат жана суу ресурстары комитетинин жыйынына чогулган.

Алгач Кемелов министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго кайрылган. Мурашев кесиптешине регламентти эстен чыгарбоо керектигин эске салды.

Андан улам Кемелов Мурашевди Мариповго жактоочу болбоого чакырып, кесиптештерин сыйлагандыктан бир нече сааттан бери кезегин күтүп турганын айтты.

«Эй, мен эч кимге жактоочу эмесмин», - деген Мурашевге кесиптеши Кемелов: «Э дебесең мага! Менин аты-жөнүм бар. Кайра-кайра эй деп жатасың...», - деп кыйкырып, ордунан ачуусу менен турду.

Ал кесиптештеринин кийлигишүүсүнөн кийин кайра ордуна отурду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости