www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын шаарында бүгүн, 12-августта облустук администрациянын алдында Эки-Нарын айылынын жүздөй тургуну Чырпыкты аймагындагы суудан алтын чайкоого каршы нааразылык акцияга чыкты.

Нааразычылык акциясынын катышуучулары «Голд Контет» ишканасына кен казууга лицензия берилгенге чейин эле каршы чыгышканын айтып, бийлик аны эске албаганын белгилешти.

2020-жылы сентябрда ошол кездеги Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу министрлиги Чырпыкты чачыранды алтын кени аукциондо сатылганын билдирген. Анда кендин баштапкы баасы 1950 доллар болгону, "Голд Контент" деп аталган компания 3200 доллар сунуштап жеңүүчү аталганын маалымдаган.

Маалыматтарга караганда, Чырпыктыда болжол менен төрт килограммдай алтын чайкап алса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости