www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийлик өкүлдөрү Тоолуу Карабахтагы согуш токтотулганын жарыялагандан кийин Армениянын борборунда баш аламандыктар башталган. Бул тууралуу "Радио Свобода" жазды.

Белгилей кетсек, Ереванда Армения тарабынан Россиянын ортомчулугу менен согуш аракеттерин токтотуу боюнча Азербайжан менен келишимге кол коюлгандан кийин башаламандыктар күч алган. 10-ноябрда эртең менен "Азаттык" радиосунун армян кызматынын кеңсесине 40ка жакын адам кол салган. Чогулган эл журналисттерди "чыккынчы" жана "түрктөр" деп атап, кеңсеге басып кирүүгө аракет кылышкан.

"Менин досторумдун өлүмүнө сен жооптуусуң" деди кол салгандардын бири. Дагы башкалары болсо, журналисттердин эфирге чыгышына жол бербөө үчүн компьютердик серверлерди жок кыла тургандарын айтышкан.

"Азаттыктын" армян кызматынын аткаруучу продюсери Артак Хамбардзумяндын айтымында, митингчилер ага жана анын операторуна кол салып, кеңсенин эшигин талкалоого аракет кылышкан. Хамбардзумян, ал адамдардын ичинен Армениянын Революциялык Федерациясынын мүчөсү Герасим Варданянды, премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган жыйырмага жакын саясий партиянын бирин тааныганын билдирген.

"ДС" басылмасы билдиргендей, Ереван, Баку жана Москва Тоолуу Карабактын аймагында согуштук аракеттерди токтотуу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюшту. Бул нааразычылыктардын толкунун пайда кылды. Тактап айтканда, Ереванда демонстранттар өкмөттүк имараттарды жана парламентти басып алышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости