www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интеллигенция азыр итке минип калды. Демократиянын заманы келгенде аларды коомдук уюм деп "ит багарлар" менен теңеп койду. Мындай пикирин журналист, коомдук ишмер Эсенбай Нурушев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
--"Кыргыз интеллигенциясы болгон эмес. Биз аны орустардан алдык. Совет мезгилинде интеллигенция үчкө бөлүнгөн. Көркөм, илимий жана саясий интеллигенция деп. Көркөм интеллигенция деп, эл менен бийликти байланыштырган адамдар айтылган. Эгер ушул жагынан ала турган болсок, биздин тарыхта интеллигенциянын эки эле өкүлү болгон. Биринчиси бул - Токтогул Сатылганов, ал эми, экинчиси - Түгөлбай Сыдыкбеков. Токтогул Сатылганов убагында байларды, бийлерди сындап келген. Анын айынан Сибирге сүргүнгө айдалганы баарыбызга белгилүү. Ал эми, калыптанып калган коомдук-саясий маанайга кезинде дээрлик жалгыз Түгөлбай Сыдыкбеков каршы чыккан", - дейт Эсенбай Нурушев.
Булак: NazarNews.kg