www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинага келген Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен, Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель жана Словакиянын премьер-министри Эдуард Гегер жума күнү Буча шаарчасына барышты. Аларды украин премьер-министри Денис Шмыгаль коштоп жүрдү.

Алар орус күчтөрү чыгып кеткенден кийин Бучада табылган массалык көрүстөндөрдү көрүп, кыргында каза тапкандарды эскеришти. "Бул жерде ойго келбеген иштер болду. Биз Путиндин армиясынын ырайымсыз жүзүн көрдүк. Бучада адамгерчилик талкаланганын көрдүк", - деди Урсула фон дер Ляйен.

Андан соң Еврошаркеттин жогорку жетекчилери украин президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүү өткөрүү үчүн жума күнү Киевге келди.

Орус аскерлери Киевдин жанындагы Буча шаарчасынан марттын аягында чыгып кеткен. Андан бери Бучанын көчөлөрүндө табылган жайкын тургундардын туш келди жаткан денелери эл аралык коомчулуктун кескин айыптоосуна кабылып, Москвага каршы жаңы санкцияларга себеп болду. Кремль - орус күчтөрү Украинада жайкын тургундарга ок атканын четке кагып келет.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости