www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европанын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору (ECDC) тарабынан жарыяланган отчетко ылайык, 2021-жылдан 2022-жылга чейин Европада эң чоң эпидемия катталган. Бул тууралуу NazarNews'ка Кытайдын CCTV-plus агенттиги билдирди.
ECDC, Европанын Азык-түлүк коопсуздугу органы (EFSA) жана Европа Биримдигинин Референс лабораториясынын акыркы маалыматына ылайык, бул мезгилде үй канаттууларында жалпысынан 2467 оору катталып, натыйжада 48 миллион канаттуу жок кылынды.
Кошумчалай кетсек, канаттуу үй жаныбарларында 187 жана жапайы канаттууларда 3573 HPAI оорусу катталган. Жалпысынан эпидемия Европанын 37 өлкөсүн камтыды.
Отчетто ошондой эле эпидемия бир катар Европа өлкөлөрүндө жумуртка жана тоок эти азыктарын жеткирүүгө терс таасирин тийгизип, бааны андан ары жогорулатканы белгиленген.
Булак: NazarNews.kg