www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын батышындагы Арвайлер аймагын суу каптап, 1300гө чукул адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин жаратылыш кырсыгынан 58дей адам каза таап, ондогон адам табылбай жаткандыгы айтылган.
Аталган аймактын администрациясынын сайтында жазылгандай, Бад-Нойенар-Арвайлер районунда эле бейшемби күнү 1000ден ашык куткаруу операциясы жүргүзүлгөн.
Белгилей кетсек, Германиянын түндүгүндө дүйшөмбүдөн бери нөшөрлөп жаан жаап, дарыялардын суусу нугунан ашып көчөлөрдү, үйлөрдү каптоодо.
"Көпүрөлөр талкаланып, көчөлөрдү суу каптагандыгына байланыштуу айрым калктуу конуштарга куткаруучулар жете албай жатат. Түндүк Рейн — Вестфалиянын беш районунда дамба жарылып кетүү коркунучунан улам эл коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Трир шаарында дарыя жайылып кеткендиктен 350дөй адам аймактан башка жакка чыгарылды", – деп жазылат маалыматта.
Рейн-Эрфт аймагын дагы суу каптоо коркунучу болгондуктан, ал аймакка өзгөчө кырдаал жарыяланган.
Германиянын канцлери Ангела Меркель жаратылыш кырсыгынан каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айткан.
Булак: NazarNews.kg