www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-вице-премьер-министр, Грузия парламентинин мурдагы төрагасы Георгий Барамидзе грузин легионунун жалданма аскерлеринин катарында Украинада согушуп жатканын Жогорку Раданын депутаты Алексей Гончаренко билдирди.
Буга чейин украиналык маалымат каражаттары Украинага келген грузин жалданмаларынын тобун Грузиянын мурдагы коргоо министри Ираклий Окруашвили жетектеп жатканын жазып чыгышкан.
"Украина үчүн грузин легионунун курамында парламенттин вице-спикери жана Грузиянын экс-премьер-министри Георгий Барамидзе күрөшүп жатат", — деп жазды Гончаренко өзүнүн Telegram каналында.
Ал ошондой эле Барамидзе менен тартылган видеону жарыялап, анда Украинада 300-400 грузиялык жалданма жоокер бар экенин айткан. Алардын айрымдары Киевге жакын, дагы бир бөлүгү Харьковдун жанында жайгашкан.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg