www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тбилисиде Грузия парламентинин имаратынын жанында мушташ чыгып, консервативдүү кыймылдын мүчөлөрү Евробиримдиктин желектерин жулуп салышканын шейшембиде, 14-мартта Tbilisi life Telegram каналында билдирди.
Окуяга полиция кийлигишти.
12-мартта грузин саясатчысы, “Акыйкат” партиясынын лидери Игорь Гиоргадзе “Известия” гезитине берген маегинде Тбилисидеги демонстрациялар, оодарылып кеткен унаалар жана өрттөө “оппозициялык күчтөрдүн сыноосу” деп билдирди.
Эскерте кетсек, 7-8-мартта Тбилисиде өлкөнүн парламенти “Тышкы таасирдин ачыктыгы жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алгандан кийин ири нааразылык акциялары өттү. Документте чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын реестрин түзүү каралган. 9-мартта баш аламандык уланган.
Жыйынтыгында бийликтеги “Грузинская мечта” партиясы менен “Сила народа” биргелешкен билдирүү жасап, мыйзам долбоору парламенттен чакыртып алынган.
Булак: NazarNews.kg