www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бхгхн Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында кызмат учурунда көз жуман милиция кызматкерлерин эскерген митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу ИИМ кабарлап, видеосун таратты.
Иш-чарага маркумдардын жакындары, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, ИИМ Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, ИИМдин өздүк курамы катышты.
"Милиция кызматы түптүлгөн 1918-жылдан 1991-жылга чейин 87 милиционер каза болсо, 1991-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин 57 кызматкер иш учурунда каза болгон. Жалпы жонунан 144 милиционерибиз көз жумду. Биз бүгүн акыр аягына чейин антына бек туруп, кызматтык милдетин так аткарып, эң кымбат нерсе — өмүрүн берген адамдардын элесин эскерүү үчүн чогулдук. Аларды унатпай эстеп жүрүү — биздин ыйык парз", — деди Октябрь Урмамбетов.
Митингдин катышуучулары кызмат учурунда көз жумган милиция кызматкерлерине арналып тургузулган мемориалга гүлчамбар коюп, аза мүнөтү жарыяланды.
Маалыматта ИИМ каза болгон кесиптештеринин үй-бүлөсүнө финансылык жардам көрсөтүп, турак жай маселесин чечүүгө аракет көрүп келери айтылды.
Эскерте кетсек, 15-май 2016-жылы министрликтин буйругу менен кызмат учурунда көз жумган милиция кызматкерлерин эскерүү күнү деп жарыяланган.
Булак: NazarNews.kg