www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирус күчөп жаткан Индияда адамдар коронавирус инфекциясын алдын алуу жана дарылоо үчүн уйдун заңын колдонушууда. Айрымдары ага жуунуп жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү коронавируска каршы иммунитетти көтөрүп, калыбына келүүсүнө жардам берет деген үмүт менен жумасына бир жолу денесине уйдун заңын жана заарасын сүйкөп, жуунуп жатышат.
Индияда уй жашоонун жана жердин ыйык символу болуп саналат жана индиялыктар кылымдар бою уйдун заңын үйлөрүн тазалоо, сыйынуу жөрөлгөлөрүнө колдонуп келишкен. Алар уйдун заңын айыктыруучу жана антисептикалык касиетке ээ деп эсептешет.
Индия коронавирус катталган өлкөлөрдүн ичинен дүйнөдө АКШдан кийин экинчи орунда турат.
Булак: NazarNews.kg