www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиянын Гуджарат штатында асма көпүрө кыйрап, каза болгондордун саны 141ге жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Билдирмеге караганда, суудан 177 адам куткарылган. Морби шаарынын жанындагы Мачху плотинасындагы бул көпүрө 140 жыл мурда курулган. Ал жети жыл реконструкцияланып жатып 26-октябрда колдонууга берилген. Odisha TV телеканалынын маалыматы боюнча, көпүрө кыйраган учурда анын үстүндө 500дөй киши болгон. Арасында балдар дагы бар. 350дөй киши сууга кулаганы айтылды.
Эске салсак, кырсык жекшемби, 30-октябрь күнү кечинде болгон. Көпүрө туристтик аттракцион катары белгилүү. Окуя болгон жерде куткаруучулар, аскер кызматкерлери, индия армиясы, авиация жана флот иштеп жатат.
Көпүрө андагы кишилердин салмагын көтөрө албай калганы айтылууда. ANI агенттиги өлгөндөрдүн көбү аялдар, балдар жана улгайган кишилер экенин билдирди.
Булак: NazarNews.kg