www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын ЖМКлары көпүрө кыйрап, 141ден ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен кырсык болгон учурдун видеосун жарыялады.

Эске салсак, кырсык жекшемби, 30-октябрь күнү Индиянын Гуджарат штатында асма көпүрө кыйрап, бир топ адам көз жумган.

Видеодон адамдар бейкапар турганын, алардын ичинен бирөө эки жакка күүлөнүп, көпүрөнү терметип жатканын көрүүгө болот. Дал ошол учурда үстү жагынан кармап турган бекиткичтери чекесинин үзүлүп, мунун кесепетинен эл сууга кулаган. Анын кыйшайып калган жагынан эл төмөндү көздөй шыпырылып, ал эми экинчи жагындагы кармап турган трос үзүлгөн эмес.

Мурдараак дарыядан 177 адамдын куткарылганы айтылган. Морби шаарынын жанындагы Мачху плотинасындагы бул көпүрө 140 жыл мурда курулган. Ал жети жыл реконструкцияланып жатып 26-октябрда колдонууга берилген. Odisha TV телеканалынын маалыматы боюнча, көпүрө кыйраган учурда анда 500дөй киши болгон. Арасында балдар дагы бар экени, 350дөй кишинин сууга кулаганы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости