www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы баркармалыгынын кызматкерлери Индия жарандарынын денесине залака келтирген шектүү жарандарды кармады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин социалдык түйүндөрдө Бишкек шаарындагы Киев жана Уметалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафенин ичинен белгисиз жарандар Индиялык жарандардын денесине залал келтирип жаткан видео тасма тараган.

Аталган окуя Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинде каралган ("Бейбаштык") кылмыш белгиси боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Бишкек шаардык милициясынын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип 2000-жылы туулган Н.С., жана 2004-жылы туулган Б.К., аттуу жарандардын өздүгү такталып, Тергөө кызматына жеткирилген. Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

"Урматтуу жарандар, милиция кылмыштын бетин ачууда тоскоолдуктарды жаратпоо жана шектүү адамдардын изин суутуп кетүүсүнө жол бербөө үчүн видеобайкоодон, кылмыш же укук бузуу болгон жерлерде күбөлөр тарабынан тартылган сүрөттөрдү жана видеожазууларды алдын ала таратпоого чакырат. Сиздин коопсуздугуңузга коркунуч жаралса, күнү-түнү кызматтагы “102” кыска номерине кабарлап, ал эми далилдерди тергөөчүлөргө берүүнү суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости