www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кумтөргө байланыштуу түзүлгөн комиссиядан жыйынтык чыкпаса, Канаданын Centerra Gold компаниясы Кыргыз өкмөтүнүн маселесин карайт”, - деди NazarNews маалымат агенттигине коомдук жана саясий ишмер Кубанычбек Исабеков.

--“Кумтөргө байланыштуу депутаттардан түзүлгөн комиссиядан жыйынтык чыкпай калса, Канаданын Centerra Gold компаниясы Кыргыз өкмөтүнүн маселесин карайт. Анда Кыргызстанда эл аралык деңгээлде соттошо турган юридикалык компания дагы жок. Канадалык бул компания Кыргызстандын өкмөтү менен соттошуп дагы койбойт. Себеби, алар эл аралык страховканы алып койгон.  Анан өздөрүнүн страховкасын алат дагы “Кыргыз өкмөтү аман болгула” деп баса бериши мүмкүн.  Ошондо анан кыргыз өкмөт менен биздин камсыздандыруу компания соттошуп жатып калат. Биз утабызбы же утулабызбы ал белгисиз. Келишимдерди так билбей убара болушат”, - дейт коомдук ишмер.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости