www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Чек ара маселесин жакшы түшүнбөй, беш жылдан ашык отурган депутаттар бар”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.

--“Кыргызстан менен Тажикстандагы чек ара маселесин жакшы түшүнбөй, беш жылдан ашык отурган депутаттар бар. Жакында эле ал маселени такыр билбегенин өздөрү тастыктап, өмүрүндө чек ара маселеси менен алек болбогон Өкмөт башчылыкка кандидат болгон адамдан сурашып баары элдин терс баасына татыктуулугун көрсөтүштү. Жок дегенде бирөө туруп, “ай андай эмес, мындай” деп, ызы-чуу чыгарттырбай маселени ошол учурда жапса болот эле да. Беш жылдан бери тактабагандарды, беш жылдын ичинде ошондой орчундуу маселени кабыргасынан коюп чечпегендери отурат. Кийин ызы-чуу чыгып, элдин чабуулуна дуушар болгондо гана маселенин чоо жайын тактап, артка кайтып, тажик туугандардын дагы көңүлүн оорутпайын дегендей, эки тарапты тең капа кылбагандай салмактуу билдирме чыгарганы менен маселе кайрадан оркойуп, шишиктей болуп чыкты. Ошону менен бирге коңшулардын “чагылгандай” билдирүүсүнө караганда алар өз короосуна  биз тараптан от ыргытылгандай кабыл алышты. Ошондуткан чек ара маселесине ар бир депутат кайдыгер карабай билип, көзөмөлгө алуусу зарыл”, - дейт экс-депутат.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости