www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ок атууну токтотуу жөнүндө макулдашуу күчүнө киргенден бери Тажикстандын Исфара жана Кыргызстандын Баткен аймагынын жашоочулары бул жерде мындан ок атылбайт деген ниетте. "Озоди" радиосунун кабарчылары чек арага жакын жайгашкан тажик айылдарынан кабар алган.

Душанбе менен Бишкектин аткаминерлери 27-январда болгон жаңжалдан кийин чек арадагы абал көзөмөлдө экенин, кишилер жай турмушка кайтканын билдиришүүдө. "Озодинин" кабарчылары билдиргендей, чек арага жакын айылдарда жашагандар жаңжал, ок атышуу алардын эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизип жатканын айтышууда.

«Биз бул жакка көчүп келгенден бери дээрлик күн сайын талаш-тартыш болуп турат. Биз жана балдарыбыз тынч жашап, уктай албай калдык. Балдар көйгөйсүз мектепке жеткен учурлар аз. Жаңжалдан кийин алар бир жума окушкан жок», - деди Тажикстандын Сомониён айлынын тургуну Абдукаюм Сафаров.

Алар жаңжалдан бери бир апта өтсө да көбү өзүнө келе элек экенин айтышууда.

Материалда жаңжалдан көбүнчө жай тургундар жабыркап жатканы айтылган. Аз эмес адамдын өмүрүн алып, дайыма тирешүү болуп келгени менен чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары туулуп-өскөн жерин таштап кетүүгө ниеттенишкен жок.

«Акыркы жаңжалда да тынч жашоочулар жабыркашты. Алардын күнөөсү эмне? Алар ушул жерде туулуп калганы үчүн күнөөлүүбү? Бардык адамдар тынчтык жана бейпилдикте жашагылары келет. Баарын көчүрүү мүмкүн эмес – бул аймакта 100 миңден ашуун киши жашайт. Эгер куралдуу жаңжал болсо, аларды кайда жайгаштырышат?» - деди Исфаранын Сурх айлынын тургуну Субхониддин Темуров.

"Озоди" Баткен облусунун жашоочулар да соцтармактардагы билдирүүлөрүндө демаркация жана делимитация боюнча акыркы келишим кабыл алынмайын, чек арада тынч жашоо орной турганынан күмөн санап жатышканын жазды.

Соңку бир жыл ичинде эле Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында эки чоң чыр чыкты. 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган.

Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын жазып чыкты.

Эске салсак, былтыр апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алган. Тажикстан бийлиги бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости