www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын тургуну Рустам Мухаммедов “биргеликте ишкерлик баштайбыз” деп ири суммадагы акчасын алып, алдап кеткен досуна учурда мыйзам адилеттүү чечим чыгарбай жатканына нааразы. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта NazarNews маалымат агенттигине Рустам Мухаммедов билдирди.
Анын айтымында бул ишке алдап кеткен досунун бийликтеги тааныш-билиштери ортого түшүүдө. Ошондой эле, Курманкул Зулушев алдамчыларды коргоп жатат.
--“2006-жылы чакан кафени ижарага алып иштеткем. Ошол учурда ага ашпозчу керек болуп, Фархад Мамедовду жумушка чакыргам. Ал өзүн эң мыкты кызматкер, мыкты дос жана пикирлеш адам катары көрсөткөн. Ошондон улам аны менен тыгыз байланышта болуп, ар кандай ыкмаларды колдонуу менен 15 жыл бою биргеликте иш алып барып, ал менин ишенимиме кирип келген. Ал тургай мен Мамедовго көп убакытка жардам берип, а түгүл ата-энемдин үйүн да анын наамына каттагам.
2019-жылы март айында Фархад Мамедов мага ири суммадагы ишти сунуш кылган. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн кир жуучу каражаттарды ири көлөмдө алып келип, Кыргызстандын базарларына сатмакчы болдук. Фархад Мамедов дал ошол жоопкерчиликти мойнуна алып, 251 миң долларды ойлоп тапкан бизнес-пландарына жумшамак болчу. Мен Бактыгүл Кубакеева менен биргеликте 251миң доллар жумшадык. Кеминде 50 миң доллар киреше табышы керек болчу. Бирок баштаган иштер оңунан чыккан жок. Мамедов мага күн сайын түшүнүксүз отчетторду берип турду.
Бирок ишке сарпталган акчаны эч кимге берген эмес. Бир жылдан соң бир дагы андай компания болгон эмес, ошондой эле ага сарпталган акчалар кайда жумшалганы белгисиз болуп чыкты. Мамедовго миллион долларлык долбоорду Маргарита Жапарова аттуу жаран тарабынан сунушталган экен. Жапарова бул иш менен көп жылдан бери алектенип келген. Ошондуктан ал инвесторлор тарабынан берилген акча каражаттарын кантип кайтарып бербөөнүн жол-жоболорун мыкты билген. Жапарова менен Мамедов макулдашып, инвестор тарабынан берилген каражатты кайтарып бербөөнү божомолдошкон.
Фархад Мамедов бул ири долбоорго менин батиримди күрөөгө коюп, насыя алган. Мындан сырткары башка таанышыман ири суммадагы каражат алгам.
2020-жылдын ноябрь айында мен Бактыгүл Кубакеева экөөбүз ИИМдин Мамлекеттик тергөө башкармалыгына өзгөчө ири өлчөмдө бир топ адамдар тарабынан жасалган алдамчылык фактысы боюнча арыз менен кайрылдык. Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон.
Фархад Мамедов 1-абакка камалган. Бирок ал азыр чыгып кетиптир. Маргарита Жапарова дагы боштондукта жүрөт. Бул ишке Башкы прокурор Курманкул Зулушев жардам бергенин Жапарова бир канча жолу айтты. Фархад Мамедов менен биргеликте Маргарита Жапарова жана Мирбек Үмөталиев план түзүшкөн экен. Мирбек Үмөталиев деген “Мекенчил” партиясынын мүчөсү. Азыркы президент Садыр Жапаров, Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана бир топ саясатчылдар менен жүрөт. Анын сүрөттөрү социалдык тармактарда бар. Учурда мен коомго жана бийликтегилерге кайрылам акыйкат чечим чыгарып бергиле. Баары мыйзамдуу болсун”, - дейт жабырлануучу.
Булак: NazarNews.kg