www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Азыркылар реформанын маңызын түшүнгөн кадрлардын жоктугунан алдыга жылуу болбой калды”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.
--“Реформанын маңызын, багытын, себебин, максатын түшүнүшпөй, жакшы идеяны эле эмес, жакшы багытка салып койгон иштерди дагы таптакыр тетири жасаган. “Чала молдо дин бузар” деген макалдай, ишти артка тартып, элдин башын айланткан “адистер”, “эксперттер”, “билармандар” болот. Алардын айынан мамлекеттин каражаттары үзүрлүү сарпталбай, изги реформалар натыйжалуу аяктабай, жыйынтыгы “ноль” болуп калган учурлар бар. Ал эми Алмазбек Атамбаев учурунда жасалган реформа, Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин заманындагыдай кыйынчылыктарга учурабастан, тез жана оңой алга жылганы менен аягына чыкпай, баш аламан болуп калды. Ошондуктан, азыркылардын артка кеткени бир жагынан туура болсо, экинчи жагынан реформанын маңызын түшүнгөн кадрлардын жоктугунан алдыга жылуу болбой калды. Убакыт өткөн сайын заман, аны менен кошо көз караштар дагы өзгөрөт, ага ылайык иш алып барбасаң, бардык жактан артта каласың. Ушуга байланыштуу реформага барууга бир нече негиздер пайда болгон эле. Азыркы жаш кадрлар реформаны башкача түшүнөт. Мүмкүн тажрыйба жетишсизби белгисиз. Андыктан иштейм, мекенге кызмат кылам деген жаштар келип Крыгызстанды алдыга жылдырышы керек”, - деди Исаков.
Булак: NazarNews.kg