www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Келечек муун өз тарыхын билүү зарыл. Мындай пикирин Түркология профессору, КР илимине эмгек сиңирген ишмер Кадыралы Коңкобаев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
- Орхон-Енисей жазма эстеликтердин дагы бир катылган сырын ачтыңыздарбы?
- Кыргыз каганатынын доорунда чоң аймакта жазылган 450гө жакын жазма эстеликтери бар. 4 тому жалаң Енисей жазма эстеликтерин камтыйт. Алтай өрөөнүндөгү 115 жазууну камтыган биринчи томдугу чыкты. Өзгөчөлүгү эмнеде? Биринчи жазуу 1880-жылдарда окумуштуу Спацкий Алтай Республикасынын аймагынан Орхон-Енисей жазма эстеликтерин изилдеген. Ар кандай окумуштуулардын изилдөөсүндө 190 жыл ичинде таш, табактын чекелеринде, буюм-тайымдардын бетинде жазылган 90 жазуу табылыптыр.
2011-2013 жылдарда тынбай экспедицияга барып Негизбек Шабданашиев, Нурдин Усеев, алтайлык Борис Киндик деген энтузиазист бар, аябай сүрөтчү өзү, ошол кишинин жардамы менен 11 жазууну таптык, Жоголуп кетти деген эки жазууну Новосибирсктеги академиясынын археология институттун ичинен таптык. Бирөөлөр алып барган го кийин жоголуп кетти деп.
Ташты аңтарсам мөндүр таш деген эки жазуу экен. Булардын баарын айтып жатканымдын себеби ар бир таштын ичинде толук маалымат бар качан жазылган кайсы кылымда. Кайсы меридиан сызыктарынын кесилишинде турат JPS аркылуу тапканега оңой болсун деп.
Кызыгы муну ким окуган, кандай транслитерация кылган, кантип которгон бүт тактап чыгып, эки окуучум менен илимий комментарий жазып койдук. Ар бир жазуу жөнүндө энциклопедиялык маалымат бар. Биринчи томдо 115 жазуу бар, кийинкилерде 750 жакын жазуулардын баарын томторго бөлүштүрүп даярдап койдук.
Түркологиянын тарыхында Радлов жана башкалар майда барат бөлүктөрүн атлас кылып чыгарышкан. Кыргызстанда даярдалган атластын өзгөчөлүгү бүткүл орхон енисей жазма эстеликтердин баардыгы регион боюнча энциклопедиялык маалымматтар бар. Экинчи томдугу Жети-Суудагы байыркы түрк жазма эстеликтердин атласы деп аталат.
Ал Кыргызстандагы 54 жазуу, Өзбекстан менен Казакстан чектешкен жерден табылган жазуулар бар. Бизде 30дан жазуу бар дешет, бирок баардыгынын элементтери бар, тамга сыяктуу. Китепти чыгарыш өтө кымбат нерсе экен. Кудай бир жолун ачар деген үмүт менен олтурабыз.
- Мына ушул Орхон-Енисей жазуулары Кыргыз каганатынын түптөлүшүнө алып келген эмеспи...
- Бул жазуулардын баардыгы Түрк мамлекети курулганы жана жашаган доорлордун эстелиги. Бул башкысы. Жазма тилдин чыгыш табиятында ар бир э,л ар бир адам эки тилди колдонот. Бирөөсү элдик оозеки тил деп ата-энеси, чөйрөсү сүйлөгөн тил. Экинчиси жазма адабий тил экөөнүн тең колдонгон тарыхы, чөйрөлөрү болот. Жазма тилге келгенде теориялык шарты мамлекеттин пайда болуусу. Мамлекет түптөлгөндө гана жазма тилге муктаждык пайда болот.
Себеби бир мамлекеттин курамындагы ар түрдүү элдерди башкаруу үчүн бир бирдиктүү тил керек. Мамлекеттик тил керек. Эмне себептен Кыргыз Республикасында кыргыз тили мамлекеттик тил катары каралган? Мамлекеттүүлүктүн эң башкы белгиси өз тили, бул же тигил элдин мамлекеттик тили.
Буга чейин Түркологдор байыркы Орхон-Енисей жазма эсткеликтери деп атап келишкен. 30 жылдагы тегерегиндеги жыйналган материал, башка Түркологдордун ой-пикирлери, өзүбүздүн көргөндөрүбүз, эми Борбордук Азия деген чоң аймак да.
Чоң аймакта курулган, мамлекеттерди түптөгөн элдер маанилүү. 531-жылы курулган Түрк каганаты же Көктүрк деген каганатта жашаган байыркы огуздар, бүгүнкү тукумдарыТүркиянын түрктөрү, Азербайжандын түрктөрү, түркмөндөр, Кытайда салар деген эл бар, Иранда халаж деген эл бар. Андан кийин Чыгыш Көктүрк жана Батыш Көктүрк каганаты болуп экиге бөлүнөт.
Кызык жери Булардын бардыгы аталары курган мамлекет биринчи VI-X кылымда курулган байыркы түрк мамлекети бир курамда жашаган. Байыркы түрк жазма эстеликтери деп айтылып калгандын себеби мына ушунда. Негизги мамлекеттин куруучулары бул огуздар.
Уйгур каганатында бул уйгурлар. Ал эми кыргыз каганаты, анын куруучусу байыркы кыргыздар. Енисей жазма эстеликтери V-XII кылымдарга чейин колдонулган байыркы кыргыздар. Байыркы огуздардын жазма адабий тили, байыркы уйгурлардын жазма адабий тили, байыркы кыргыздардын жазма адабий тили. Мен муну биринчи томдогу баш сөздө жаздым.
Ар турдүү эл аралык форумдарда, конгресстерде түшүнгөндөрү кабыл алышты. Түшүнбөгөндөрдө кайчы пикирлер айтылды. Илимде ансыз болбойт. Кудай буюрса иш ушундай башталды. Түрк мамлдкекеттеринин эң башкы белгиси-бул адабий жазма тил. Бардыгы турат тилдин ичинде. Бизди колдогон эч ким жок. Жеке шарттарда ушуларды жасадык.
Эми кыргыз мамлекети ушуларды ээлик кылып өзүнүн атынан чыгарып койсо, Түрк мамлекетинде өрнөк боло турган иш. Бул китеп дүйнөлүк деңгээлде тараш керек. Бул илимий изилдөө элибизге пайдасы тийсе экен деген максат болду.
Болгону 500 китеп чыкты. Бул башка тилдерге да которулушу керек. Түрктөр чыгары менен биз чыгарабыз деп жатат. Мамлекеттин келечегин камсыз кылыш үчүн келечекте идеология жактан элдин рухун калыбында сакташ үчүн маалыматтар өзгөчө мааниде. Өз тарыхыңды дурустап билбесең, өтмүшүңө кызыкпасаң гений Айтматов айтып кеткендей “маңкуртизм” болуп калат.
Петербургдан келген Малов окумуштуу Орхон-Енисей жазма эстеликтери кыргыздарга таандык деп ачыктаган. Аттарын айтпай эле коёюн биздин окумуштуулар аны таарынтып, кууп жиберген.
Мага көп жолу Юдахиндин эң жакын окуучусу Абак Биялиев айткан эле ага Юдахин: “Мен бир ката кетирдим, өмүр бою өзүмдү кечирбейм, жазма эстеликтер кыргыздарга тиешеси жок” деп айтып салган экен.
Булардын баарын оңдошубуз керек. Чыныгы тарыхты жолго коймоюнча кыргыз элинин чыныгы баскан жолун калыбына келтирип, элдин аң сезимин ошого сиңирмейинче мамлекеттин өнүгүшү анчалык жолго түшпөйт го деп ойлойм. Себеби 30 жылда көрүп жатпайбызбы, мамлекетти ар тараптуу өнүктүрүүнүн жолдорун реалдуулукка, илимий негизде алынган маалыматтарга таянмайынча, ушундай нерселер боло берет окшойт.
“Бешиктеги баланын бек болорун ким билди” деген аталардан калган насааттарды эске алып, келечек урпактарга тарбия, билим берүү, кыргыз баалуулуктарды таанытууга жумшасак, жаштарыбыз дагы келечекте мамлекетке ээ болууга тырышат.
Булак: NazarNews.kg