www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Футболду президенттер мыкты ойнойбу же президенттин уулдарыбы7 Кыргызстандын президенти футбол ойногонун көрдүк, ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун уулу Душанбенин мэри Рустам Эмомали да футбол ойноп жүрчү. Эгер ал чабуулга чыкканда кимдир бирөө алдынан тосуп чыкчу болсо жазаланчу. Ошондуктан президенттин уулу топту алганда эч ким ага даап алдынан чыкчу эмес. Кыргыз футболун көргөн Сыймык Жапыкеев жазып жатат:

«Садыр Нуркожоевич футболду катуу, профидей эле ойнойт экенсиз, кечке, кечке кайталап кордум. Сизди да Футболдун 100 жылдыгы менен куттуктаймын. Кыргыз футболун чынында оркундотуш сиздин туздон туз милдетиниз, биздин да милдет. Футбол ойногонго президент укуктуу. 100 жылдык маареке, бул майрам.

⠀Футбол король спорта, Легкая атлетика основа. Кыргыз Футболун онуугуусуно чон салымды Дордой Клуб А.Салымбеков агабызгада чынында рахмат, футболго ото чоон ачылыштарды жасады. Сыйлыка татыктуу, ошондой эле Абдыш-Ата клубу.

⠀Урматтуу Садыр Нуркожоевич, сизге кайрылуу: Сиз ажоосуз, Президентсиз сизди анга туртом дегендер кобойду, алар оппозиция эмес, алар Сиздин жанынызда жургон эле «красавчиктер», сизге таза эместер ото коп жабышып, туура эмес кенеш берип жатышат. Элде нааразычылык кобойо баштады. Мени тилдегендер толтура сен эле кылдын деп. Мен Сизге ининиз катары кайрылып жатам. Бизде коп жер кыйрап жатат, Сизге чоон кучтор иштетпегендей сыр болуп жаткандай, кандай болсода Сиз Президентсиз элинизге таяныныз жана элиниз менен бир болунуз.

⠀Кенешчилеринизди алмаштырыныз, Суйунбек Касманбетовдор эмне болуп эле сиздин жанынызда журуш керек? Ал Биримдиктин куйругу эмес беле? Биримдиктен депутатка койгон.

⠀Биз сиз турмодо жатканда чыркырап жургондо ушулар кайда эле?

⠀Садыр ава мен сизге душман эмесмин. Жакшы эле болсун деп жатам. Кадр саясаты ото чатак болуп калды. Таза иштерман адамдарды коюнуз.

Олкобуздон кыйын спецтер чыгып баштады. Бул чатак.

Бирда инвестор келген жок, болгон инвесторлор Узбекистанга кетип башташты.

Финполицияны бекер жойдунар, товардын баасын финполиция туздон туз козомол кылышчу.

⠀Ишинизге ийгиликтер болсун, эл менен болунуз» деп. Деги Жапыкеев деген ким?

2020-жылдын 5-октябрында парламенттик шайлоодон улам Ак үй өрттөлүп бийлик алмашкан. Ушул бийлик менен финполго жеткен Сыймык Жапыкеев таарынычын сыртка чыгарып, бийликти чымчып коюп жаткандай. Ал кезде эч кимге аты, жыты жок подполковник  Сыймык Жапыкеев кухняга далдоолонуп алып ушак айтып жүрчү. Элдин парламенттик шайлоого болгон нааразылыгын туйган Сыймык Жапыкеев баш болгон “куйтулар” култ этип жаткан жеринен шар чыга калышкан да, Ак үйгө чабуул коюшкан. Башаламандык башталар менен Сыймык Жапыкеев Башкы прокурор болом деп эң кымбат машинага эгедер болуп, прокуратураны басып алгысы келген. Арийне, ал кыялы ишке ашкан эмес. Бирок подполковник Жапыкеев бир- эки айда генералды илип ала койду, “таппасаң сыйпалап кал”. Сыймык Жапыкеев, Максат Мамыткановдор  октябрь башаламандыгы болбосо «Чоң Казат» банкрот болмок. Чыр-чатакты эл көрдү, элге кыйын күндөрдү алып келди. Финполдун ордун алган Сыймык Жапыкеев жана вице-премьер болгон Мамыткановдор өз капчыгынын камдарын көрүшүп «Чоң казатты» ошол замат унутушкан. Сыймык Жапыкеев мамлекеттин өнүгүшүн эмес, өз капчыгынын өнүгүшүн каалап иштеди. Фактыларга келели:

Биринчиден, «Кыргыз темир жолу» ишканасынан 250 миң доллар акча талап кылган Мелис Аспеков, УКМКда 250 миң доллардын 50 миң долларын финпол жетекчиси Сыймык Жапыкеевге бергенмин деп мойнуна алган.

Экинчиден, Сыймык Жапыкеев бийлик колума тийсе эле Кубанычбек Жумалиевге окшогон элдин мүлкүн жегендерди кустурам деген. Куспай кара жерге кирсин, финпол 160 миң доллар бер деп жатат деп алар элге кайрылган. УКМК буга чейин депутат Кубанычбек Жумалиевден 160 миң доллар алып кармалган адам Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысынын жардамчысы экенин жарыялаган.

Үчүнчүдөн, Абылгазиевдин өкмөтү учурунда гуманитардык жардам уурдалган, акчалар ысырап болгон, кээ бир жетекчилер бизнес жүргүзүшсө, кээ бирлери белгилүү бир компаниялардын же адамдардын кызыкчылыктарын көздөшкөн. Коронавирустан запкы жегендердин себеби каржылоонун начардыгы, кээ бир жетекчилердин алысты көрө билбегендиги, ач көздүгү болгон. Ошол эле премьер Абылгазиев коронавирус убагында он миллиарддаган пайда бере турган радио жыштыктарын 700 сомго баалап, казак ишкерлеринен 10 миллиард сом пара алганын элдин бары билет, буга финпол Сыймык Жапыкеев тарабынан эч кандай чара көрүлгөн эмес. Балким Абылгазиев кытылдатып койгондур. Бул да УКМК тарабынан кармалып ичип жегендеринин бети ачылууда. Абылгазиевдин өкмөтү учурунда коронавирус болуп көрбөгөндөй апогейине жетип, анын ордун алган Кубатбек Боронов ал-абалды оңдоп келаткан. Арийне, финпол тарабынан эч айыбы жок Бороновго беш саат сурак жүргөн, эмне коронавирусту жоюп келатканы үчүн финпол ушунча кармап турдубу?

Коронавирус илдетин жайылтууда өз салымын кошушкан Руслан Казакбаевдин бир тууган келини ошол кездеги социалдык тармактарды жетектеген вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин финполдон суудан кургак чыгып жатканы, Сыймык Жапыкеевдин капчыгын калыңдатканынан улам болуп жүрбөсүн?

Төртүнчүдөн, тараканга таланып эле эл катары жөн-жай үйдө турчу Жапыкеев өзүнө окшогон акча десе акактаган адамдарды колдоду. Жөнөкөй эле мисал коронавирус убагында спецполиклиниканы жетектеген Гүлмира Баитова өзүнүн жакындарына мыйзамсыз айына 160 миң сомдон айлык чектеп, калгандардын барын акчасыз, кезексиз отпускага айдап жиберген. Андан көрө тегиз эле барына бирдей акча берсе дурус болмок. Бул жерди текшерүүгө келген Сыймык Жапыкеевдин кызматкерлери, эч кандай кылмыш иши болбогондой жаап коюшуп баса беришти. Гүлмира Баитова менин богума ким куурай сая алат эле дегендей атаандаштарын шылдыңдап, капчыгыңда пулуң турганда ким мага даап сөз айта алат деп манчыркап турган убагы. Атамбаевдин “үй-бүлөсү” менен жакындашкан соң 300 миң долларлык эң кооз турак-жайдын ээси болду, Жалга да хансарай салдырат.

Чагылгандай тездик менен финполду ээлер менен Сыймык Жапыкеев капчыгын кеңейтип, генерал наамын алаар менен, элдин башына күн түшүп жатканда ал элди да, бийликти да күйгүлтүккө салып кухнясын көздөй бет алган. Анан элди дүрбөтүш үчүн Кайрылуу жазымыш болуп жүрөт. Сыймык Жапыкеевге окшогон генералдын орду кухняда ушак айтуу эмес, согуш талаасында экенин түшүнөбү? Кеменин жүгү оордогондо келемиштер сайгактап кача баштайт. Сыймык Жапыкеевдин келемиш сыяктуу Ысык-Көл облусунун прокурорунан кетиши анын байлык топтоо үчүн башаламандык уюштурганын билдирип койду. Эми ал сөзүн акташ үчүн “отко май тамызып” кайрадан элди дүрбөтүп жатат. Андай болсо полковник чинине жакында эле татыктуу болгон Сыймык Жапыкеев эмнеге генерал наамына ээ болду.

Октябрь башаламандыгы эске келгенде Жапыкевдин элеси, Жапыкеевди эстегенде октябрь башаламандыгы эске түшөт. Бекер жерден Текебаев анын кухнясын Лениндин брондолгон техникасына салыштырган эмес.Ал кокодон тоюп сыйгаланган Финансы полициясы өз алдынча орган катары 2012-жылы негизделген. Сыймык Жапыкеев бул кызматты октябрь башаламандыгында Башпрокуратураны басып алгандан кийин дайындалган. Ал досунун кымбат баалуу машинасын минип барганы менен Башкы прокурор болгон жок, финполицияны башкарып «өз көмөчүнө күл тартып туруп алган соң», кийин эсине келип, эмне себептен бул кызматка келгенин эстеп, Кубанычбек Жумалиевке асыла баштаган. Бирок, УКМК ишке кирген соң гана иш жыла баштады окшойт. Жапыкеев кара пиарды жана элдин башын айлантканды жакшы көрүп, Текебаевдин мактоосуна татыктуу болгон кухнясын унутту. Адатта чиновник кызматтан алынаарда же камалаарда чыр-чатактуу көрүнүштөргө кириптер боло баштайт. Учурунда  финполдун башчысы катары Сыймык Жапыкеев өгөй баладай кодуланып, чын-жалганы аралаш маалыматтардын чабуулунда жүрдү. Иштегенден да актануусу арбып, оргу-баргы ашыкча көп сөз айтып, эки анжы маанай жаратып жүрчү. Ошондуктан жаңы жыл алдында «Жанат» ресторанында президентке талапкерди коноктоп тайдын учасын тартканы белгилүү. Жогорку даражадагы жетекчи да ушундай кылабы? Сыягы, жаңы бийлик үчүн команда боло албасы байкалган. Жапыкеев көпкө узабай кызматтан алынды. Себеби, ал финпол болуп турганда  баш-аяксыз убадаларды берип эле келе жатты. Блогер сымал улам-улам соцтармактан кайрылууларды жасап, кызматкердин этикасын сактаган жок. Олигархтарды «кустуруп», миллиондорду төктүрөт имиш. Кыялында кыйратып эле жатат, «виртуалдык» дүйнөдөн түшпөй, капчыгын калыңдатып жатты. Ал эми жасаган ишин карай келсең, көңүл жылытаарлык эмес эле. Баягы эле эски системага эрмешип алып, айгайлаган эле бир пенде. Реалдуу иштердин өтөөсүнө чыга турган, реформа жасачу кадрдын аракети мындай болбош керек эле. Тайырбек Сарпашевге окшогондорду кармап кустурам дегени менен, буга окшогон далай иштер жым-жым болуп келатат. Анткени, ал «кусса» өзүнүн капчыгына «кускандыр».

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости