www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аз бирок саз, катуу уктаган экемин. Жоготкон тʏштѳрʏмдʏ эстеп кѳрѳйʏн десем, кумдай чачырап кетиптир. Кол шилтеп койдум да, Шолом-Алейхемдин "Коммивояжерын" окуй баштадым. Кызыктуу жазылган китеп экен, бирок бары бир еврейдин жыты жыттанып турат.

Китеп окуп жатканым менен кѳӊʏлʏмдѳ кѳксѳгѳн оюмдун бары ал жѳнʏндѳ, канчалык китепти кунт коюп окуганга аракет кылганым менен, эмне окуп жатканым ѳзʏмѳ тʏшʏнʏксʏз болуп турду…

Ж. сен ѳзʏӊ кызык адамсыӊ. Эмне ʏчʏн сен башкалар сымал кʏн, минуталык жашоону ойлобой, ѳз жеке турмушуӊа кол шилтеп жʏрѳсʏӊ? Бир гана ой – бактысыз эл. Элди башкарууну мага окшогон кеӊкелеске ишенип берип койгон. Чынында эле мен элдин ишеничине татыксыз, ушунча эле кейбирминби? Жок. Бул туура эмес. Мен биздин элдин эӊ начар балдарынан эмес экенимди билем, ооба,  эӊ начар эмес. Эмичи? Эми болсо эӊ акыркы  жана эӊ алы жок кʏчсʏзмʏн. Кʏчсʏзгѳ жана акыркы адамга, жетекчиликтен орун жок. Ошондуктан, жетекчилик кызматтан кетиш керек, кетиш керек.

Мейли эл ишеничине татыктуу, кʏчтʏʏ адамды шайлап алышат. Ж. –М. болбосо басып жʏргѳн эле ѳлʏк. Тирʏʏлѳрдʏ ѳлгѳн адамдар башкара албайт…

Жусуп АБДРАХМАНОВ, Кʏндѳлʏктѳрʏнѳн

MOCKBА. 20.08.1928

 

Бийликке каршы кѳтѳрʏлгѳн элдин баатырдык кʏрѳшʏ тууралуу...

...Серафимовичтин «Темир селин» окуй баштадым. Бийликке каршы кѳтѳрʏлгѳн элдин баатырдык кʏрѳшʏ тууралуу. Бул китепти мага менин сʏйʏктʏʏм М. белекке берген. Мен дагы ѳз элимдин Кожуху болгум келет. Боло аламбы? Билбейм, билбейм ѳзʏмдʏ ѳзʏм таппай турам. Мен абдан катуу ѳзгѳрʏʏгѳ дуушар болдум, бирок кандай? Дагы эле билбейм. Кандайдыр бир сыйкырлуу кʏч менин делебемди козгоп турат.

Ушул сыйкырлуу кʏчтѳн суурулуп чыга аламбы? Билбейм. Балким мага колдоо болсо, суурулуп чыгармын. Ким мени колдойт, эгерде мен абдан таянгым келген, мага абдан жакын адамдар, мыкты достор –бардыгы мага кол шилтеп кетишсе?

Поюз кечигип жатат,бул дагы менин нервиме ойноп турат. Мына Пенза. Бул жерде Наумчик, Левкалар жашашат.М.ге эӊ жакын адамдар.

Аларды кѳргʏм келип турат. Сѳзсʏз кѳрѳм. Качан? Эмне ʏчʏн башыма жакшы иш тууралуу ойлор келбей жатат! Бул Жусуптун саясий ишмер, революциянын каарманы катары бʏтʏп баратканынын башталышы болуп жʏрбѳсʏн?

Мʏмкʏн,эгерде ушундай болсо, анда М. ѳзʏнʏн В.сы ʏчʏн абдан кымбат бааны тѳлѳгѳндʏгʏ. Чындыгы М.нын бактысы бир адамдын бар же жок экендиги менен ѳлчѳнбѳйт. Туура…

Жусуп АБДРАХМАНОВ, Кʏндѳлʏктѳрʏнѳн

MOCKBА. 22.08.1928

Орус тилинен которуп даярдаган:

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости