www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев шашылыш түрдө кыргыз-тажик чек арасында жарадар болгон жоокерлерге учуп кетти.
"КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, реанимобилдерди алып, шашылыш түрдө Баткенге эки жарадар жоокерибизди алып келүү үчүн учуп кетти", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бүгүн, 3-июнда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болуп, эки кыргыз жоокери жарадар болгону маалымдалган.
Баткен облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координаторунуну айтымында, бир жабырлануучунун абалы оор, экинчисинин абалы орто.
Эске салсак, чек ара аймагында атышуу түштө башталганы кабарланган. Маалыматка караганда, алгач Баткен облусуна караштуу Булак-Башы аймагында кыргызстандык чек арачылар тактала элек аймактан өтүп Кыргызстанга мыйзамсыз кирип кеткен тажикстандык чек арачыларды көрүшкөн.
Мыйзамдуу талаптарга баш ийбеген тажик чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок чыгарган. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачылары атыша кеткен. Тажик тарап миномет колдонгон.
Андан соң тажик тарап чек ара тилкесине оор техника жеткирип жатканы кабарланган.
Булак: NazarNews.kg