www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Жер-Үй” алтын кенинде таасирдүү адамдардын үлүшү болушу мүмкүн”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экс-министр, саясатчы Камила Талиева.

-- “Манас атабыз жердеген Талас облусунда жайгашкан Жер-Үй алтын кенинде 105 тонна алтындын жана 30 тонна күмүштүн кору бар деп жүрүшөт. Бул Кумтөрдөн кийинки эле алтын кени көп жер болуп саналат. Биздин мамлекеттин президенттери “бул кенди инвесторлорго беребиз,  республика боюнча 100 мектеп курулат” деп аябай жакшы жаңылык кылып айтышкан. Баарыбыз угуп абдан кубанганбыз. Ошону менен бул маселе талаш-тартыш көйгөйгө айланып келди. Инвестролор кен жайгашкан Бекмолдо айыл өкмөтүнө, көп каражат болүп жатат деп дагы укканбыз. Тилекке каршы алтын өндүрүп алуу ишке кирердин алдында кендин айланасында талаштуу маселелер жаралып кетти. Кимдин үлүшү бар экени дагы айтылды. Өмүрбек Бабанов сыяктуу саясатчылардын аты аталып жүрөт. Мен “Жер-Үй” кени боюнча “экинчи Кумтөрдөгү маселе кайталанып калбаса экен” деп чочулайм. Себеби, бул маселе баарыбызды ойлондурат. Ошону менен катар жакшы жактары дагы бар. Иштетип калсак социалдык абалды жакшыртууга чоң салым болобу дейбиз. Түшкөн каражатты туура колдонсок, болбосо дагы коррупционерлердин чөнтөгүнө кетип калбаса. Ошондуткан “Жер-Үй” кени боюнча элге толук маалымат берилиши керек. Кимдин үлүшү, ошол аймактагы элге кандай жардамдар каралган баары ачык берилиш керек. Кышында Новиков дагы “кенди иштетүүдө экологиялык коопсуздук маселеси өзгөчө көзөмөлдөнөт” деди. Ал айткандай экологиялык коопсуздугу катуу көзөмөлдө болушу шарт. Жакында эле анын ачылыш болуп биздин президент Садыр Жапаров эле эмес Орусиянын президенти Путин дагы онлайн аркылуу катышты. Айрымдар Путиндин катышуусуна ар кандай пикирлерди айтышты. Бул жерде таасирдүү адамдардын үлүшү болушу мүмкүн. Элге туура, ачык маалымат берилип, айланасындагы ызы-чууга чекит коюлушу зарыл. Кандай болсо дагы мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына иштеши керек”, - дейт Талиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости